Мындан туптуура 100 күн мурун кыргызча сайттарга шилтемелерди камтыган сайтты бул жерде ачкан элем. 100 күн мен үчүн женил болбоду.
Биринчиден, UCOZду кайрдадан өздөштүрүүгө, мурда жасай албаган нерселерди жасаганды үйрөнүүгө туура келди. Бул жактан сайтыбыздын күйөрмандарына алардын жардам, кеңештери үчүн чоң ыраазычылык билдиргим келет. Алар болбосо, сайтыбыз комсоорок болот эле.
Экинчиден, бир сайтыман бул сайтка керектүү маалыматтарды которуу көп убакытты алды.
Сайтыбыздын окурмандарынын бири мүмкүн болсо өлкөбүздөгү бардык жогорку окуу жайларга шилтемелерди каталогго киргизип коюуну суранды эле. Менин баамымда, бул керек нерсе. Анткени билим алууну каалагандардын айрымдары каякка бараарын билбей убара болот эмеспи. Сайттан болсо керектүү маалыматты тапса болот.
Кыргызстандагы жождор тууралуу маалыматтарды карап жатып алардын көптүгүнөн башым айланды. Кандай гана окуу жайлар жок. Бирок алардын аз гана бөлүгү өз сайтына ээ экен. Өз кезегинде алардын болбогонунда гана кыргызча барактары бар экенин байкадым. Жаштарга заманбап билим берген окуу жайлар өзүлөрү замандын талабынан артта калып жатканын көрүп кантип кейибейсиң.
Чыңгыз менен Аскат аттуу сайттын колдонуучулары биздин каталогго 20 сайтты сунушташты!!! Өзгөчө ыраазычылыкты Чыңгызга билдиригибиз келет - басымдуу бөлүгүн ал сунуштады. Арасында биздин каталогдо жок 13 сайт бар экен. 12син киргизе алдык. Бири Мекен.КГ сайты, негедир, ачылбады.
"Кыргызча сайттар каталогунун" жасалып, иштей баштаганына бир жарым айга жакындап калды. Бизге негизинен шилтемелер аркылуу киришет. Анткени UCOZдун саясаты боюнча, сайтка 40 күн болгуча аны издөө кызматтары көрө албайт. Бирок ага карабай, сайтыбызга киргендердин саны күн санап өсүп келет. Ал эмес, биздин сайтты DMOZго киргизип коюшуптур. DMOZ дүйнөдөгү эң эски жана абройлуу каталог болуп эсептелет. Сайттын абройлугун анын бул каталогдо катталганы же катталбаганы менен аныкташат. Биз бул жерде барбыз! Демек, кылып жаткан ишибиз - керек жана зарыл иш экен.
Кыргыз тилиндеги мыкты сайттарда кандай жаңы материалдар жарыяланганын бир жерден билип, таанышып туруу мүмкүнчүлүгүн түзүү максатында бул сайтта "ТОП сайттардан" деген баракча ачтым.
Топ сайттардын курамын азырынча мен өзүм белгиледим. Дагы бир топтору кирбей калды - аларда RSS жазылуусу жок экен. Бул ТОП курамды белгилөөгө катышкыла. Аны үчүн сайттарга өз бааларыңарды берип, пикирлериңерди калтырышыңар керек.
Каталогдо жаңы бөлүм ачтым. Анда Кыргызстан, кыргыздардын тарыхы, маданияты, адабияты, тили тууралуу башка тилдеги кызыктуу сайттарды киргизип турмакчымын.
Биздин каталогдон кытайдагы бир туугандарыбыздын
сайттарын да таба аласыздар. Бирок алар негизинен араб графикасында болгондуктан алардын мазмуну менен таанышуу бир кыйла оордукту жаратат. Бирок бул тууралуу кытайлык кыргыз туугандар ойлонушуп, бул сайттардын мазмуну менен таанышууга мүмкүнчүлүк берген программаны иштеп чыгышкан экен. Ал сайтты толугу менен
болбосо да айрым жазууларды араб графикасынан кирилл графикасына жана
тескерисинче кирилл графикасынан араб графикасына коңторууга мүмкүнчүлүк берет. Ал кызматты бул жерден тапсаңар болот.
Аны колдонуу жолу ылдыйдага сүрөттө көрсөтүлгөн.
1-кызыл жебе көрсөткөн жерге сизди кызыктырган сайттан көчүрүлгөн араб арибиндеги текс
... Толугу менен »