Көптөн бери бул каталогду толуктаганга кол жетпей, бүгүн бир аз толуктап койдум. Каталогдогу сайттардын жалпы саны 210го жетти. Дагы да мен билген 100дөн ашык сайт тууралуу маалыматтар калды.
Учурда каталогубузга 128 кыргызча сайттарды киргиздик. Бери дегенде дагы ушунчасы өз кезегин күтүп жатат. Эч нерсе болуп кетпесе, алардын бардыгын бир жуманын ичинде киргизип бүтөбүз.
Менин блогумдагы маалыматтарды бул жерге көчүрүп жатып, көп сайттар иштебей калганын байкадым. Мындай сайттарды өз кезинде аныктап, каталогду жанылап турбасак, анын баалуулугу төмөндөп калаары боло турган иш. Ошондуктан, эгер каталогдон иштебей калган сайтты байксаңар бизге билдирип турууну өтүнөм.
Сайтты кыргызча сайттардын каталогу гана кылбастан, бул жерде сайттарды жасоо, жасалгалоо, аларды жылдыруу боюнча кыргыз тилинде пикир, маалымат алмашуу борбору да болсо экен тилек бар. Бул максатта Жарыялар тактачасын жана Чатташуу мүмкүнчүлүгүн ачтык.
Бул жердин (ucozдун) дагы бир ыңгайлуу жери (башкалары тууралуу бул жерде жазганмын) - сайттын мобилдик түрүн иштетүү мүмкүнчүлүгү. Өзүмдүн чөнтөк телефонуман кирип карап көрдүм. Жакшы. Бир гана айрым жерлери кыргызчаланбай калган экен. Бүгүн оңдоп койдум. Бардыгын болбосо да көбүн. Айрым жерлерин кыргызча кантип "сүйлөтөөрүм" жакшы биле элекмин. Эми бул убактылуу гана нерсе.
Сайттын мобилдик түрүнун болушу - колдонуучуларга ыңгайлуулукту жаратат. Блогдорума киргендерди талдоодон кийин, мобилдик интернет аркылуу киргендердин саны уламдан-улам өсүп жатканын байкадым. Бул өзгөчө зым интернети жете элек элеттик туугандарыбызга ыңгайлуу.
Бул жерде мен Кыргызча сайттардын каталогун түзүүгө аракет кылып көрөйүн дедим. WordPressте иштеген блогумда кыргыз тилдүү сайттардын топтомун түзүп толуктап келем. Бирок аны Каталог түрүндө кылыш керек болуп жатат. Бул сайт жасагычта болсо андай мүмкүнчүлүк бар экен. Аракет кылып көрөлү.