Карантиндеги айрым сайттарды дагы бир текшерүүдөн кийин, алардын бир катарын каталогдон алып салдым. Бир гана "Улуттук спорт" жана "Кыргыздар.рф" сайттарын алып салганга даай албадым. Биринчиси акы төлөбөгөндүгу үчүн иштебей жатса, экинчисинин домени сатыкта экен. Эки маселе тең оң жогуна чечилип калышы мүмкүн. Жок дегенде, буга үмүт кылып туралы. :-)
Эскерте кетсем, каталогдо иштеген гана сайттар болушу үчүн аны "өлүк" сайттардан маал-маалы менен тазалам турам. Өзүм тапкан же Каталогдун окумандарынын жардамы менен табылагн мындай сайттар алгач "Карантинге" түшөт. Үч жолу аны ачуу аракети майнапсыз болгондо гана ал Каталогдон такыр алынып салынат.