Чыңгыз менен Аскат аттуу сайттын колдонуучулары биздин каталогго 20 сайтты сунушташты!!! Өзгөчө ыраазычылыкты Чыңгызга билдиригибиз келет - басымдуу бөлүгүн ал сунуштады. Арасында биздин каталогдо жок 13 сайт бар экен. 12син киргизе алдык. Бири Мекен.КГ сайты, негедир, ачылбады.
Ушундай каттарды алганыбызга сүйүнүп турам. Демек, ишим - керек, зарыл иш экен. Жалгыз адам көп нерсени байкай албайт, көп нерсеге жетише албайт. Ушундай жардамдар болуп турса, көп түкүрсө көл болот дегендей, биздин каталог кыргызча интернет булактарды камтыган эң толук, маалыматтуу сайт болоорунан күмөн санабай койсок болот. Башкалардын жардамына жараган.
Сунушуңарды сайтыбыздын Конок китебине таштай аласыздар.
Дагы бир жолу ыраазычылык билдирип, сайттын Админи :-)