Кыргызстандын бардык аймактарындагы басма, эфирдик ЖМКлар жана он-лайн басылмалар бир сайтта. Бул сайт - "Дем".

Учурда бул сайтта Кыргызстандык дээрлик бардык бурчундагы 70ке жакын жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) же интернет-басылмалар катталып, макалаларын жайгаштыра алышат.
Бул сайт көп жагынан Кыргызстан үчүн уникалдуу десек болот:
1. Кыргызстандагы көп ЖМКлардын интернет-сайттары жок. Же буга каражаттары жок, же интернет-сайтты иштете турган адиси жок. А интернет-сайтсыз бүгүнкү ЖМКларды элестетүүгө болбойт. Атаандаштыктан утулуп калышы мүмкүн. Мындайда "Дем" сайты чоң жардам бере алат. Анда катталуу жана материалдарды жайгаштыруу - бардыгы бекер. Материалды жайгаштыруу жолу - өтө жөнөкөй. Компьютерде кичине иштей алган адам да жайгаштыра алат. Унутуп калса, жардам берүүчү сабактар каралган.

Ага да карабай, материалды жайгаштыруу жагынан кыйналып жатса, каалаган убакта сайттын админине кайрылып тийиштүү жардам же кеңеш ала алат.
2. Бул сайттын башкаларда жок бир өзгөчөлүгү - сайтка материалды электрондук почта аркылуу кат жөнөтүп гана жайгаштырып койсо да болот. Бул жол - интернети начар аймакта иш алып барышкан ЖМКлар үчүн эң ыңгайлуу. Бул ыкма сабактарда кенен баяндалган.
3. Сайтка материалдар үч тилде жайгаштырылып келинет.
4. Сайттын колдонуучусу каалаган макаласына пикир калтыра алат. Же макалага нааразы болсо ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына кайрыла алат. Аны үчүн макаланын алдындагы белгини басыш керек. Аталган комиссия бардык кайрылуулар боюнча дыкат иш алып барат. Бул ЖМКлардын таза иштеп, такталган гана маалыматтарды жазуусуна өбөлгө түзөт. Бир гана пикир жазыш үчүн же даттаныш үчүн колдонуучу сайтта катталыш керек. Мындай кадамдын себеби - адам башка атты жамынып алып, оозуна келгенди сүйлөбөсүн, сүйлөсө жүйөлүү сүйлөсүн деген гана ойлор. А сайтта катталуу өтө эле жөнөкөй.

5. Адамга ар-түрдүү маалымат булактарына кирип, убара болуунун эми зарылчылыгы жок. Кыргызстанда абройлуу делген бардык ЖМКлардын же интернет-сайттардын маанилүү жаңылыктарын, материалдарын бир бул сайттан тапса болот.
6. Сайттын жасалгасы ийкемдүү болгондуктан андагы материалдар менен мобилдик түзүмдөр (смартфон, планшет) аркылуу да таанышса болот. Сайт бат ачылып траффикти дээрлик жебейт. Сайтты мындан 10 жыл мурун чыккан эски телефондо да ачса болот.
7. Эгер өзүңүз да башкалар менен кабар бөлүшкүңүз келсе, буга да сайтта мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Бул жерде каалаган адам (сайтта катталбаган да колдонуучу) каалаган жаңылыгын сүрөтү менен жайгаштыра алат.

Эскерте кетүүчү бир гана нерсе - бул жаңылык сайттын админи тараптан текшерүүдөн өткөндөн кийин гана жарыяланат. Коммерциялык жарыялар жана башка бирөөнү мазактаган, кайсы бир адамдын абройуна шек келтирген нерселер кетип калбасын деген максатта.
Өзүңөр байкагандай, "Дем" сайты учурда Кыргызстандагы уникалдуу жана пайдалуу сайттардын бири.
|