Ысык-Көл облусунда мөмө-жемиштерди өндүрүүнүн аркасында айыл тургундарынын экономикалык абалын жакшыртуу жана эмгек мигранттарынын санын азайтуу боюнча долбоор.
«Кыргызгаз» ААКу – Кыргызстандын пайдалануучуларын жаратылыш
газы менен камсыз кылуунун бардык функцияларын аткаруучу табигый монополия.
Ишкердүүлүгүнүн негизги багыты – жаратылыш газын сатып алууну,
транспорттоону, бөлүштүрүүнү, ошондой эле сатылган газ үчүн каражат чогултуу жана газ берүүчүлөргө төлөөлөрдү уюштуруу болуп саналат. Бул функцияларды иш жүзүнө ашыруу үчүн
«Кыргызгаз» ААКнун балансында республиканын бардык газ-техникалык активдери топтолгон.
«Кыргызгаз» Ачык Акционердик Коому «Кыргызгазмунайзат» МАК
акционерлеринин жалпы чогулушунун чечими менен Кыргыз республикасынын
Президентинин 1998-жылдын 23-сентябрындагы № 282 Жарлыгына ылайык
«Кыргызгазмунайзат» МАК мүлктүк комплексинин базасынын бөлүгүндө негизделген.
"Түндүк электр" ачык акционердик коому 01.07.2001 жылы "Кыргыз энерго” АКны түзүмүн өзгөртүп
уюштуруунун натыйжасында түзүлгөн.
"Түндүк электр” ААК Кыргыз Республикасындагы алдыңкы энергия
камсыздоочу уюм. Компания азыркы учурда базар (рынок) экономикасынын
шартында өзүн өзү актоо принцибинде электр энергия бөлүштүрүү жана
сатууну 51%, Чүй, Талас облустарынын жана Бишкек шаарынын чегинде жайгашкан чыңалуусу
35-10-6-0,4 кВ бөлүштүрүүчү электр желелерин оңдоп-пайдалануу жана шууту тейлөөнү ишке ашырат.
«Манас» эл аралык аба майданындагы Транзиттик борбор
2001-жылдын декабрында, коалиция күчтөрү «Манас» эл аралык аба майданында жайгаштырылып, 2001-жылдын
11-сентябрындагы террорчулук соккудан кийинки «Майтарылбас эркиндик»
операциясын жана Эл аралык коопсуздук күчтөрүн колдоого алган кезде ачылган.