«Кыргыз Республикасынын Министирлер кабинети тарабынан 2021-жылы 24-сентябрындагы №183 Токтому менен бекитилген «Мамлекеттик мүлктү ижарага берүү тартиби жөнүндөгү» жобонун талаптарына ылайык 2024-жылдын 14 жана 17-май күндөрү аукцион өткөрүлөт.
26-апрелде Бакаев көчөсүндөгү көпүрөнүн курулушуна байланыштуу №6063 Бишкек-Кайыңды жүргүнчү поезддинин бир жолку сапары Лев Толстой көчөсү 65 Б (Пишпек) дарегиндеги Бишкек - 1 бекетинен жөнөтүлүп, кайра келгенде ырааттамасы өзгөрүүсүз 27-апрелде Бишкек - 2 бекетине келет.
«Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы 2024-жылдын 22-апрелинен 26-апрелине чейин (аба ырайынын шарттарын эске албаганда) Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 131-чакырымында, Боом капчыгайында (темир жолдун 3901-чакырымында) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөрүн билдирет.
«Кыргыз темир жолу» УК» мамлекеттик ишканасы 2024-жылдын 15-апрелинен 19-апрелине чейин (аба ырайынын шарттарын эске албаганда) Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 118-чакырымында, Боом капчыгайында (темир жолдун 3886-чакырымында) кооптуу таштарды түшүрүү иштери жүргүзүлөрүн билдирет.
Тыгындарды азайтуу жана автомобиль жолдорун жөнгө салуу максатында Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасы Мэрия менен биргеликте Бишкек шаарында Бөкөнбаев көчөсүнөн Л.Толстой көчөсүнө чейин А. Бакаев көчөсү боюнча темир жол линиясынын астынан автотранспорттун өтүшү үчүн өткөөлдүн курулушун баштады.
Урматтуу жүргүнчүлөр, Сиз 2024-жылдын 1-апрелинен тартып Бишкек-2-Кайыңды жана Бишкек-1-Токмок жүргүнчү поезддерине электрондук билеттерди «Гоубас» мобилдик тиркемесинде сатып алсаңыздар болот.