Интернет сайттардын ушундай бир жагы бар, эгер сен сайт жасатып, домендик ысым сатып алып, хостингге акча төлөй турган сайт ачып иштетип, бирок кийинчирээк ар кайсы себептерден аталган төлөмдөрду токтотсоң, сайтың же ачылбай калат, же анын дареги (домендик ысымы) башка бирөөнө өтүп кетет.
Мен да бүгүн бир иштер менен биздин каталогдо катталган айрым сайттарга кирейин деп же киралбай, же ал сайттарды табалбай калдым. Жогоруда аталган нерселерди билсем да мынчалык көп сайттын "өлүгүн" көрүү мени жаман кейитти. Болгондо да алардын көбү жакшы келе жаткан, туруктуу сайттай көрүнгөн веб-булактар болуп жатпайбы. Алардын жабылып калышы башка узун кеп. Кийин анын себептерине токтолоттурбуз. Азыр мени түйшөлткөн маселе башка.
"Өлүк" сайттардын көп болуусу каталогдун баркын кетирет. Бирок андайларды өз убагында а
...
Толугу менен »