Порталда жарандар үчүн электрондук почта аркылуу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын дарегине интернет – кайрылууларды жиберүүгө мүмкүнчүк берет.
"Babushka Adoption" кайрымдуулук фондусу. «Бабушка Эдопшн» - cөзүнүн кыргызча мааниси «Камкордукка алынган чоң апа» деген аталышта. Камкордукка алуу - термини кары адамдарга материалдык колдоо көрсөтүү, аларды демөөрчүлүккө алуу сыяктуу маанини туюнтат. «Бабушка Эдопшн» Коомдук Кайрымдуулук Фонду -1991-жылкы Советтер Союзунун кулашынан кийинки жана акыркы кездердеги саясий тирешүүлөрдөн улам терс таасир алган кары адамдардын жашоого болгон ишеничине үмүт отун жандандырган Кыргызстандагы бейөкмөт кайрымдуулук уюму.
Адам укугу боюнча кеңеш адам укугунун эл аралык нормаларына ылайык улуттук мыйзамдарды реформалоо стратегиясын иштеп чыгуу жана Кыргыз Республикасында адам укугу жаатындагы көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун издөө тармагында иш алып барат Ал КР Жогорку соту, КР Акыйкатчысы жана Даниянын адам укугу боюнча институтунун ортосундагы кызматташтыктын негизинде түзүлгөн.
«АДЕП БАШАТЫ» коомдук прогрессивдүү фондунун сайты. Фонд өзү тууралуу билдиргендей, Исламдын руханий баалулуктарына негизделип, кыргыз элинин, айрыкча жаштардын, жашоо жолун өнүктүрүү жана үгүттөө максатында иш алып барат.