«Кыргызгаз» ААКу – Кыргызстандын пайдалануучуларын жаратылыш
газы менен камсыз кылуунун бардык функцияларын аткаруучу табигый монополия.
Ишкердүүлүгүнүн негизги багыты – жаратылыш газын сатып алууну,
транспорттоону, бөлүштүрүүнү, ошондой эле сатылган газ үчүн каражат чогултуу жана газ берүүчүлөргө төлөөлөрдү уюштуруу болуп саналат. Бул функцияларды иш жүзүнө ашыруу үчүн
«Кыргызгаз» ААКнун балансында республиканын бардык газ-техникалык активдери топтолгон.
«Кыргызгаз» Ачык Акционердик Коому «Кыргызгазмунайзат» МАК
акционерлеринин жалпы чогулушунун чечими менен Кыргыз республикасынын
Президентинин 1998-жылдын 23-сентябрындагы № 282 Жарлыгына ылайык
«Кыргызгазмунайзат» МАК мүлктүк комплексинин базасынын бөлүгүндө негизделген. |