Шейшемби, 19.03.2024, 12:15
Приветствую Вас Гость | Регистрация | Вход

Кыргызча сайттар каталогу

Издөө
Бизди сунуштагыла
Кирүү формасы
Сайттын менюсу
Акыркы жаңылыктар
[24.01.2016]
24-январга карата сайттагы акыркы өзгөрүүлөр (0)
[23.12.2014]
Жаңы 8 сайт кошулду (0)
[29.08.2014]
Бир катар сайттар каталогдон алынып салынды (0)
[18.08.2014]
Сайттагы акыркы өзгөрүүлөр (0)
[12.08.2014]
Бир жагынан толуктасам, башка жагынан кемип... (0)
Акыркы макалалар
[14.08.2014]
Элдик жаңылыктар (0)
[01.08.2014]
Кыргызстандын жашоо Деми (0)
Жылнаама
«  Август 2014  »
ДүШеШаБеЖуИшЖе
    123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
Архив
Белгилер
маданият кыргыз тили адабият кыргыздар сөздүктөр Блог сайт Каталог китеп жарыя журналистика кыргызча сайттар Интернет каржы банк өкмөт билим аймак Экономика жардам компания АКШ коом форум Бизнес ислам Дин журналист жаштар ЖМК радио кабарлар жанылыктар көңүл ачуу видео гезит Кыргызстан Нарын жаңылыктар үналгы маалымат агенттиги TV Ысык-Көл университет Манас Ош илим Кабар кызмат министрлик тамаша мектеп Орусия жож сабак академия медицина институт китепкана борбор тарых аудио компьютер программа сөздүк агенттик соц тармак оператор Туризм издөө маалыматтар Поэзия кытайлык кыргыздар инсан санжыра ыр музыка орусча Бишкек саясат коргоо чет тилдеги сайт долбоор ишкерлик кайрымдуулук демилге Фонд мэрия маалымат партия эс алуу ассоциация Медиа орус тилинде бийлик айыл жеке сайт жеке блог кино портал
Мен Интернетте
  • Журналистте блог ач
  • Марат Токоевдин блогу
  • Блог боюнча сабактар
  • Сайт ачканга жардам
  • Кыргыз маданият борбору
  • ДЕМ
    КМБ
    Сайттын жашы
    Сурамжылоо
    Сайтыма баа бергиле
    Бардык жооптор: 111
    Статистика

    Бардыгы онлайн: 1
    Коноктор: 1
    Колдонуучулар: 0

    Макалалар

    Главная » 2014 » Август » 14 » Элдик жаңылыктар
    15:05
    Элдик жаңылыктар

    Интернеттин өнүгүшү менен жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) иш алып баруусу да кескин өзгөрүүлөргө дуушар болууда. Бул сайт баракчаларында элдик жаңылыктарга да орун бере башталганынан байкасак болот.

    ЖМКда журналисттер канчалык көп болбосун, баары бир ал элдин санынан бир кыйла аз, эл билген, уккан, көргөн нерселердин баардыгын биле бербейт. Ошону үчүн интернет чыкканга чейин эле, элден түшкөн жаңылыктарга ЖМКлар өзгөчө көңүл буруп келген. Айрымдары кесипкөй журналисттик макалага өзөк болсо, айрымдарын "Окурмандарыбыздын каттарынан" деген сыяктуу рубрикаларда басып чыгарып турушар эле. Бирок кандай күн болгондо да негизги басым журналисттик макалага жасалган. Дээрлик жападан жалгыз жаңылык жаратуучу - журналист болчу.

    Интернеттин пайда болушу менен бул жааттагы абал өзгөрө баштады. Өзгөчө Веб 2.0 чыккандан кийин. Бул технология ар бир жаранды жаңылык жаратуучуга айландырды. Азыр интернеттеги жаңылыктардын басымдуу бөлүгүн так ушул кесипкөй журналист эмес, жөнөкөй адамдар жаратып келет. Бара-бара журналисттерге муктаждык жоголуп, кесипкөй журналистика өлөт деген божомолдор да айтыла баштады. Менимче, кесипкөй журналистика эч жакка жоголбойт. Ага муктаждык бар жана боло берет. Адамдарга кайсы бир окуя тууралуу субъективдүү маалыматтар гана эмес (кесипкөй журналист эместердин жазгандары негизинен ушундай), бардык жактан талданган, бардык пикирлер камтылган, объективдүүлүккө жакындаган макалалар да дайым керек болот. Бирок келечектеги кесипкөй журналистканын, ЖМКлардын өзгөрүшү - бул талашсыз нерсе. Биринчи кезекте, ал жарандык журналистика менен айкалышына, жана бул айкалыштына кандай болушуна байланыштуу.

    Кыргыз тилдүү ЖМКлар, журналисттер интернеттин мүмкүнчүлүгүн орус тилдүү ЖМКларга караганда кечирээк өздөштүрө башташты. Бул Элдик жаңылыктарды колдонууда да байкалды. Элдик жаңылыктар - бул журналисттик билими жок адамдын ал жашаган чөлкөмдө болгон, же ал күбө болгон кайсы бир окуя тууралуу билдирүүсү. Каалаган адам жөнөкөй форманы толтуруу менен сайтка жаңылыгын жибере алат. Сүрөттү же видеону да жаңылыкка тиркеп койсо болот. 

    "АКИpress" маалымат агенттиги биринчилерден болуп такай негизде элдик жаңылыктар менен иштей баштаган. Анын орус тилиндеги "Репортер" сайтында күнүнө 10дон кем эмес элдик жаңылык жарыяланып, күнүнө бул сайтка киргендердин саны - 10 миңдин айланасында (эгер сайттагы статистикага ишенсек).

    Кыргыз тилдүү сайттар мындай көрсөткүчтөргө жете албаганы менен, элдик жаңылыктарды жарыялоого мүмкүнчүлүк берген сайттардын саны жагынан алдыга оозуп кетти.

    Алар кайсы сайттар болду экен? Оболу элдик кабарларды колдонууга аракет кылгандардан, бирок бул кабарлары чын эле элдик экендиги экенинен бир аз күмөн санаткан, же элдик кабарларды кабыл алуу, жарыялоо жагы бүдөмүк, ыңгайсыз сайттардан баштайлы:

    "Марал" радиосу. Радионун сайтында атайын "Элдик кабарлар" рубрикасы жок. Бирок элдик кабарларга, тагыраак айтканда видеолорго сынак жарыяланган.

     

     

     

     

     

     

    "Супер-инфо" гезити. Бул гезиттин сайтында да атайы "Элдик кабарлар" деген рубрика жок. Бирок "Элдик видео" деген рубрикасы бар. Ошол эле учурда видеону жүктөө жолун таба албадым. Аны үчүн сайтта адам катталышы керек окшойт. 

     

     

     

     

     

    "Аймак.КГ" сайты. Бул жерде "Эл үнү" деген рубрика бар. Ал жакка айына жок дегенде 1 материал жарыяланып турат. Негизинен алар жаңылыктар эмес, элдин кайсы бир окуя, көрүнүш боюнча ой-толгоолору, божомолдору. Бул гезиттерде жарыялануучу "Окурмандарыбыздын каттарына" окшош. Элдик жаңылыкты жарыялоо кызматын таба албадым. Аларды сайттын админин электрондук дарегине жибериш керек окшойт.  

     

     

     

    "Маалымат" порталы. "Элдик кабар" деген рубрикасы бар. Бирок анын мазмуну, материалдарды жайгаштыруу жагынан "Аймак.КГ" сайтына окшошуп кетет. Дагы белгилей кетүүчү нерсе, бул рубрикадагы макалалар негизинен көлөмдүү келип, аны карапайым эл эмес, журналисттик тажрыйбасы барлар жазгандыгы байкалып турат. 

     

     

     

     

    "Factor.kg" сайты. Бул сайт дагы "Супер инфо" гезитине окшоп видеого - Элдик кадрларга басым кылат. Бирок видеону жайгаштыруу жолу кандай экени белгисиз.

     

     

     

     

     

     

     

    "Inter.kg" сайтында да "Эл үнү" деген аталыштагы рубрика бар. Макалалардын мазмуну, багыты, авторлору жана аны сайтка жайгаштыруу жагынан да жогоруда аталган "Аймак.КГ" сайтына жана "Маалымат" порталына окшошуп кетет.

     

     

     

     

     
     
     
    Эмки сайттарда болсо элдик кабарларды элден алып турууга шарттар түзүлгөн. 
     
    "Кабар ордо" интернет-басылмасы. Бул сайттын "Элдик кабарлар" деген рубрикасы бар. Ага такай негизде элдик жаңылыктар жарыяланып турат. Каалаган адам сайтта катталбай туруп эле өз жаңылыгын сайтка жүктөй алат. Ошондой эле төмөнкү форматтагы материалдарды жаңылыгына тиркегенге мүмкүнчүлүгү бар% 1. Фото: .jpg, .jpeg, .png, 2. Видео: .flv, .mp4, .avi, .mkv, .mpeg, .mpg, 3. Аудио: .wav, .mp3. 4. Документтер: .txt, .pdf, .doc, .docx, .xls, .xlsx, .ppt, .pptx  

     

     

    "Башат.kg" сайтында "Элдик репортер" деген рубрика бар. Рубрика бар болгону менен анда азырынча бир да жаңылык жок. Ошону менен катар сайттын окурманы өз жаңылыгын сайтка жеңил эле жүктөй алат. Атайын кызмат жеткиликтүү. Эч бир атайын катталуунун кереги жок. 

     

     

     

     

     

    "Саресеп" сайтында "Элдик кабар" деген рубрика болгону менен, андагы материалдар кабар эмес, кеңири макалалар же ой-толгоолор экени байкалат. Авторлору да журналистикага тиешеси бар экени сезилип турат. Бирок аны менен катар каалаган адамга кабарын сайтка жиберүүгө жакшы шарт түзүлгөн.

     

     

     

     

     

    "Дем" сайтында үч тилде (кыргыз, орус жана англис) "Элдик жаңылыктарды" жарыялоого жакшы мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Бирок азырынча  бул айтта 2 гана орусча ушундай материал бар. Эми муну "Элдик кабарларды" жарыялоо кызматы жакында гана (2014-жылдын июлунда) сайтка жайгаштырылганы менен тушүндүрсө болот. Бул сайтта "Элдик жаңылыкты" жарыялаш үчүн катталуунун кереги жок. Бир гана сайттын эрежелерине каршы келген айрым материалдар жарыяланып кетпеши үчүн макала жарыяланардын алдында админдин текшерүүсүнөн өтөт.

     

     

    Бул серептин жыйынтыгында элге өз жаңылыктары менен бөлүшкөнгө Кыргызстанда бардык шарттар бар экенин белгилесек болот. Болгондо да абройлуу маалыматтык веб-сайттарда. Бир гана эл бул мүмкүнчүлүктөрдү жакшы билбейт окшойт. 

    Просмотров: 2193 | Добавил: Temirlik | Теги: элдик жаңылык, ЖМК, сайттар | Рейтинг: 0.0/0
    Всего комментариев: 0
    Добавлять комментарии могут только зарегистрированные пользователи.
    [ Регистрация | Вход ]