Кабарлар

Бишкектин Чоң-Арык конушунда Үй-бүлөлүк медицина борбору курулууда

Бишкектин Чоң-Арык конушунда Үй-бүлөлүк медицина борбору курулууда. Мэриядан билдиришкендей, имаратта ЭКГ жана УЗИ кабинеттери, дарыгерлер бөлмөсү, техникалык аймак жана стерилизацияланган бөлмөлөр каралат.   Андан тышкары, бейтапкананын айланасын көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт.

Баткен облусунун Лейлек районунда Ак-Суу каналынын курулушу уланууда

Баткен облусунун Лейлек районунда Ак-Суу каналынын курулушу уланууда.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 2 миң 500 метр узундуктагы аталган каналдын курулушу бүтсө, Жеңиш, Ак-Суу айылдары жана эгин аянттары сел коркунучунан корголуп, 95 гектар жер аянты өздөштүрүлөт.   Учурда бул долбоордун курулуш иштеринин алгачкы этабы… Кененирээк…

Ордо калаада №5 жана 7-троллейбустун каттамдары убактылуу токтотулду

Ордо калаада №5 жана 7-троллейбустун каттамдары убактылуу токтотулду.   Троллейбус башкармалыгынан билдиришкендей, мындай чектөөлөр 7-апрель көчөсүнүн Горький-Чүй тилкесинде авариялык иштер аткарылганына байланыштуу киргизилди.   Каттамдар жумуштар толук аяктагандан кийин жанданат.