г.Бишкек, 720044, проспект Ч. Айтматова 27 +996 (312) 21-86-59 +996 (312) 54-32-21 bhu@bhu.kg

Кыргыз адабияты кафедрасы

Кыргыз адабияты кафедрасы

Кыргыз адабияты кафедрасы факультеттеги жетектөөчү кафедралардын бири. «Кыргыз адабияты” кафедрасы 1992-жылы билим берүү стандарттарына толук жооп бере турган жогорку деңгээлдеги адистерди даярдоочу кафедра катары уюшулган. Кафедра жогорку кесиптик билим берүүнүн программалары боюнча студенттерди, магистранттарды даярдайт.

Кафедранын негизги максаты – адабияттын теориясын, тарыхын сапаттуу окутуу, окутуучулардын илимий-теориялык, илимий-педагогикалык потенциалын көтөрүүгө, педагогдук тажрыйбаларын арттырууга жетишүү жана илимий-усулдук, илимий-изилдөө иштерин жүргүзүү менен бирге кафедранын материалдык-техникалык базасын чыңдоо болуп саналат.

Кафедранын  миссиясы:

– Өз өлкөсүнүн маданиятын, адабиятын,тилин, тарыхын, адеп-ахлактарын терең билген жана мекенин кадырлап сүйө турган жогорку кесиптеги адистерди даярдоо, заманбап технологияларды өздөштүрө билген инсандарды тарбиялоо.

  • “Филологиялык билим берүү” – тил, адабият жана маданият боюнча түшүнүгүн, сынчыл ой жүгүртүүсүн жана окутуу тажрыйбасын өнүктүрүү аркылуу натыйжалуу жана билимдүү, кесипкөй профессордук-окутуучулук курамды даярдоо.

Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы илимий даражага ээ, жогорку квалификациялуу тажрыйбалуу окутуучулардан турат.

Кафедра бакалаврды даярдоонун төмөнкү багыттары боюнча студенттерди даярдайт:

  • 550300 Филологиялык билим берүү

магистр даражалары:

  • 550300 Филологиялык билим берүү

Филологиялык билим

  • 531000 Филология

Кафедрада жыл сайын адабий сындын жана методологиянын актуалдуу маселелери боюнча кандидаттык жана квалификациялык диссертациялар корголуп келет.

Байланыш номери: +996 (312 218 937)

Адреси: Чыңгыз Айтматов атындагы проспект, 27. Кабинет: 404 В.

Наш адрес

г.Бишкек, 720044, проспект Ч. Айтматова 27

bhu@bhu.kg

+996 (312) 21-86-59

Быстрые ссылки

Полезные ссылки

© Добро пожаловать в БГУ. Мы верим в твой правильный выбор. Designed by