Categories
"Манас" эпосу Кыргыз адабияты

“Манас” эпосунун 25 сааттык видео нускасы

Маалыматтын жаңыртылышы: «Манастын» 25-сааттык видеолордун тобун Айгиненин сайтынан көрө аласыздар.

“Манас” эпосу сыяктуу кыргыз элинин бийик маданий мурастары келерки доорго жетпей жоголуп калышы ыктымал.  Ошондуктан мындай мурастарды азыркы технологиялык каражаттар менен жаздырып калуу – бул абдан туура көрүнүш.  Бирок жакында КИЦ “Айгине” чыгарган “Манас” эпосунун 25 сааттык видео нускасы коомго кеңири таратылбаганы жана сатылбаганы таптакыр туура эмес.

Мындай көрүнүшкө байланыштуу америкалык улуу ишмер Томас Жеферсондун төмөндөгүчө айтылган улуу сөздөрү бар:

“Убакыт жана кокустуктар биздин коомдук кеңселерибизде сакталып турган (баалуу тарыхый жана мамлекеттик кагаздардын) түп нускаларына күнүмдүк зыян келтирип жатышат.  Жакында эле болуп өткөн акыркы согуш кылымдар бою жасалган бул тармактагы ишти жокко чыгарып салды.  Бул жоготуу кайра ордуна турбашы мүмкүн; ошондуктан калгандарын элдин колу жеткис чоң бөлмөлүү сейфтердин жана кулпулардын артына жашырып, алардын сакталышына жөн эле убакыт коротпостон, андан көрө ар кандай зыяндуу нерселерден сакташ үчүн алардын нускаларын кеңири жайылтуу менен сактайлы.”

Мындай маңыздуу проектинин натыйжасын жалпы элге таратпагандан кийин пайдасы эмне?  Мектептерге жана жогорку окуу жайларга таратылса дагы, кандай максат менен таратылды?  Эпосту окутуш үчүнбү же изилдеш үчүнбү?  Эгерде мектептерге окутуш үчүн таратылса, аны мугалимдер 25 саат бою окута алышпайт.  Эгер “Айгине” видео аркылуу “Манас” эпосун окутууга мугалимдерге жардам бергиси келсе, анда ал жыйнактын үзүндүлөрүн алып, 1-2 сааттык гана документалдуу видео түзүш керек.  Бул мугалимдердин окутуусуна алда канча пайдалуурак болмок.  Ал эми жогорку окуу жайлары туралуу сөз кыла турган болсок, ошол жогорку окуу жайларына таратылган 25 сааттык видео студенттердин өз алдынча изилдөө жүргүзүүсүнө үйгө берилбейт жана алардын колдоруна тиери да күмөндөр.  Ошондуктан “Айгинеге” мындай сунуштарды киргизер элем: ошол 25 сааттык видеону эл арасына кеңири сатуу жана ошондой эле ал видеону толугу менен Интернетке жүктөп коюу.  Ошондо гана аны бардыгы каалашынча көрө алышат жана эркин изилдөө жүргүзө алышат.

(Жана дагы мындай суроом бар эле: ал видео кайсы мектептерге жана жогорку окуу жайларга таратылды?  Эгер каражаттары аз мектептерге таратылса, жакшы болор эле, бирок жогоркудай эле маселелер чыгары айкын.)

Каалаган киши ал DVDни өз кызыгы үчүн же болбосо ал боюнча изилдөө жүргүзүш үчүн алып көрө албагандан кийин, жыйнактын пайдасы тийбейт.  Бул жыйнак Кыргызстандын бир нече мектептеринде жана окуу жайларында гана көмүскөдө жаткандыктан саналуу гана адамдар колдоно алышат.  Бул аябайгандай капалуу көрүнүш.Update: you can access the 25-hour video release of «Manas» videos on Aigine‘s website.