Кыргызстандын бардык аймактарындагы басма, эфирдик ЖМКлар жана он-лайн басылмалар бир сайтта. Бул сайт - "Дем".
Учурда бул сайтта Кыргызстандык дээрлик бардык бурчундагы 70ке жакын жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) же интернет-басылмалар катталып, макалаларын жайгаштыра алышат.
Бул сайт көп жагынан Кыргызстан үчүн уникалдуу десек болот:
1. Кыргызстандагы көп ЖМКлардын интернет-сайттары жок. Же буга каражаттары жок, же интернет-сайтты иштете турган адиси жок. А интернет-сайтсыз бүгүнкү ЖМКларды элестетүүгө болбойт. Атаандаштыктан утулуп калышы мүмкүн. Мындайда "Дем" сайты чоң жардам бере алат. Анда катталуу жана материалдарды жайгаштыруу - бардыгы бекер
...
Толугу менен »