Мындан туптуура 100 күн мурун кыргызча сайттарга шилтемелерди камтыган сайтты бул жерде ачкан элем. 100 күн мен үчүн женил болбоду.
Биринчиден, UCOZду кайрдадан өздөштүрүүгө, мурда жасай албаган нерселерди жасаганды үйрөнүүгө туура келди. Бул жактан сайтыбыздын күйөрмандарына алардын жардам, кеңештери үчүн чоң ыраазычылык билдиргим келет. Алар болбосо, сайтыбыз комсоорок болот эле.
Экинчиден, бир сайтыман бул сайтка керектүү маалыматтарды которуу көп убакытты алды.
Дагы толтура майда маселелерди чечүүгө туура келди.
Бирок 100 жаштагы сайт үчүн жыйынтыктарыбыз жаман эмес деген ойдомун. Бизде учурда 457 сайт тууралуу маалыматтар камтылган. Алардын 438и кыргызча сайттар. Менин билишимде, бул кыргызча сайттардын интернеттеги эң чоң топтому.
Дагы канча камтылбай калган сайттар бар. Баары оңунан болсо, аларды да камтый турган күн келээр.