"Babushka Adoption" кайрымдуулук фондусу. «Бабушка Эдопшн» - cөзүнүн кыргызча мааниси «Камкордукка алынган чоң апа» деген аталышта. Камкордукка алуу - термини кары адамдарга материалдык колдоо көрсөтүү, аларды демөөрчүлүккө алуу сыяктуу маанини туюнтат. «Бабушка Эдопшн» Коомдук Кайрымдуулук Фонду -1991-жылкы Советтер Союзунун кулашынан кийинки жана акыркы кездердеги саясий тирешүүлөрдөн улам терс таасир алган кары адамдардын жашоого болгон ишеничине үмүт отун жандандырган Кыргызстандагы бейөкмөт кайрымдуулук уюму. |