"Түндүк электр" ачык акционердик коому 01.07.2001 жылы "Кыргыз энерго” АКны түзүмүн өзгөртүп
уюштуруунун натыйжасында түзүлгөн. "Түндүк электр” ААК Кыргыз Республикасындагы алдыңкы энергия
камсыздоочу уюм. Компания азыркы учурда базар (рынок) экономикасынын
шартында өзүн өзү актоо принцибинде электр энергия бөлүштүрүү жана
сатууну 51%, Чүй, Талас облустарынын жана Бишкек шаарынын чегинде жайгашкан чыңалуусу
35-10-6-0,4 кВ бөлүштүрүүчү электр желелерин оңдоп-пайдалануу жана шууту тейлөөнү ишке ашырат. |