Кабарлар

Кыргызстанда сел кооптуулугу дагы деле бар

Кыргызстанда сел кооптуулугу дагы деле бар. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө 26-апрелге чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт.   Нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүшү, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.   Селдин, суу каптоонун алдын алуу үчүн арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана дренаждык… Кененирээк…

Бүгүн Жалал-Абад шаарында жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт

Бүгүн Жалал-Абад шаарында жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт. Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, Курманбек Баатыр жана Чынгыз Айтматов көчөлөрүнүн кесилишине газ кудугун орнотуу боюнча пландуу жумуштар жүрөт. Мындан улам, 24-апрелде эртең мененки саат 8ден кечки 6га чейин шаарда көгүлтүр от жок болот.   Абоненттерге энергиянын альтернативдүү булактарын… Кененирээк…

Мас абалында руль башкарган 10 миңден ашуун айдоочу күбөлүгүнөн ажырады

Кыргызстанда мас абалында рулга отурган 10 миңден ашуун айдоочу күбөлүгүнөн ажырады. Бул тууралуу “Унаа” мамлекеттик мекемесинен маалым болду. Ага ылайык, өткөн жылдын март айынан бери 10 миң 163 айдоочу ичимдик ичип унаа башкарганы үчүн бир жыл бою рулга отуруу укугунан ажыратылган.   Эске салсак, өлкөдө… Кененирээк…