МЕН - КЫРГЫЗМЫН!
Мен - кыргызмын, сатылбаган, сатпаган!
Мен - кыргызмын, баба наркын сактаган!
Ата Журтка жасасам деп бир эмгек
Ар күн сайын "Чоң казатка" аттанам.
Мен - кыргызмын, асман-жерге жашташмын!
Эзелкимин, келечекмин, максатмын.
Кылы дагы кыйшайганын каалабайм
Кырчылдаган "КЫРГЫЗ" деген жакшы аттын!
Мен - кыргызмын, түгөнөөрдө түтөгөн!
Мен - кыргызмын жок болордо күчөгөн!
Мен - кыргызмын, тарыхым бар, тилим бар,
Мезгилдин да ой-чуңкурун түзөгөн.
Мен - кыргызмын, жөнөкөймүн, улуумун!
Мертинтпеген эчен азап, улуумун.
Кылымдарга улап кетер дагы да
Кыргызмын мен, эр Манаска муунмун!
Зайырбек Ажыматов
КҮЛЧҮ, АПАКЕ! Ыр деп апа, кармап жүрөм каламды, Ырасында билбейм пайда табамбы. Дабаа таппай жүрсөм сизге кечирчи, Доктур болбой, «акын» болгон балаңды. Туу болдуң ээ, балаң үчүн миңден миң, Турмушумда баарын сизден үйрөндүм. Бирок сиздей асыл адам боло албай, Булганганын карачы, апа, дүйнөмдүн! Мен кыйналсам, көздөн сыгып ачуу жаш, Мага сиздей бирөө күйүп, жашыбас. Билем бирок бир тамчыңа жашыңдын, Менин кылар миң мээнетим татыбас. Бир үшкүрбөй, азабыма чыдап миң, Башка сиздей данакерлик кылат ким? Сиз бар үчүн Жер огунда айланып, Сиз бар үчүн Ааламыма чыгат Күн. Жан дүйнөңө мен деп кайгы топтолуп, Жашысаңыз, жаным кейип, от болуп, Ааламдын бир кызыгы эмес, апаке, Аалам өзү кетет мага
Таирбек Ерматов Аялыңдын тилин таба албасаң. Бул өмүрдө накта чыгат колбасаң. Аял деген ишенчээк бечаара. Любой ишти кыла берет алдасаң))) Сулуусуң де, тилиң түшүп калса да. Комплимент укса түшөт танцага. Жакшы сөздү күтуп жашайт, жөөөн эле. Жашагыдай торпок беле ал сага. Кээде - кээде эркелетип сылап кой. Акыбалын, жумуштарын сурап кой. Кемтиктерин аста - секин толуктап. Үзүлгөнүн аста - секин улап кой. Аял сага аманатын унутпа. Аял берген Жаратканды улукта. Сууга тоюп, аны кайра төгүлткөн. Аманаттын баркын билет булут да. Бир катындын көөнүн таба албасаң. Анда кандай эркексиң сен, билбесем. Аялдарсыз оту жанбайт очоктун. Ашык болбос, аял баркын бил десем.

❤ 🍀

Добавила фото в альбом

Показать ещё