BBC News, Кыргыз КызMATы - Башталгыч бет
Top stories
Сторми Дэниэлс деген ким жана Дональд Трамп менен кандай чатагы бар?
Экс-президент менен порноактрисанын ортосундагы «ысык мамиле» акыры жүрүп соттук талашка айланды.
Израиль Рафахтагы элди көчүрүүгө жана чабуулга даярданууда. АКШ каршы
Израилдин аскери дүйшөмбү күнү кечинде эгер Цахал Газанын түштүгүндөгү Рафах шаарына аскердик операция баштаса, анда миллионго жакын качкын палестиндер баш калкалай турган жээктеги "гуманитардык аймак" кеңейип, жарандарды көбүрөөк кабыл алат деп билдирди.
Арак менен нашанын айынан он миң айдоочу күбөлүктөн кол жууду
Кыргызстанда соңку мезгилде алкоголь ичип же баңги зат колдонуп алып унаа башкаргандыгы үчүн кеминде 10 000 киши айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылды дейт адис. Чындап эле ушундай болсо миңдеген мас айдоочу унаа башкарбай калгандан кийин жол кырсыктары азайдыбы?
Украинанын колунда кандай курал бар жана эмне жетишпейт?
АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы Өкмөттүн Украинага кошумча 61 миллиард доллар аскерий жардам берүү демилгесин колдоду.
Таш-Көмүр шаарындагы химиялык уулуу заттар: эл эмнеден кооптонот?
Кыргызстан отуз жылдан ашык убакыттан бери сакталып турган зыяндуу заттарды жок кылуу үчүн Орусиянын “Росатом” компаниясына кайрылып жатат. Cөз Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарындагы “Кристалл банкрот” ишканасынын аймагындагы химиялык зат тууралуу болуп жатат.
Онкология: туура тамактанууну үйрөткөн кыргызча китеп
Кыргызстанда онкологиялык оорулар менен жабыркаган балдардын туура тамактануусу боюнча кыргызчаланган китеп биринчи жолу басылып чыкты. Учурда китеп муктаж ата-энелерге акысыз таратылууда. Түп нускасы Орусиянын “Дмитрий Рогачев” атындагы балдар онкологиясы илимий изилдөө борборуна таандык. Кыргыз тилине “Жардам берүү оңой” коомдук фонду аркылуу которулду.
НАТОго кайсы өлкөлөр кирет жана алар коргонууга канча жумшайт?
Швеция НАТОго - Европа менен Түндүк Американын аскердик альянсына кошулду.
Адам өлбөс болобу жана кванттык компьютерлердин тиши эмнеге өтпөйт? Физик Митио Каку келе жаткан жаңы доор жөнүндө
Америкалык физик-теоретик жана илимдин популяризатору Митио Каку кванттык доор адамзаттын келечегин аныктайт деп ишенет. Анын ою боюнча, жасалма интеллектиден кооптонууга азыр эрте, ал эми кванттык компьютерлер адамзаттын көптөгөн олуттуу көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берет.
Агыны катуу суудан сакта... Сел кыйраткан аймактардагы абал
20-21-апрель күндөрү Ош, Жалал-Абад облустарында жана Ош, Жалал-Абад шаарларында катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, адам өмүрү кыйылган учурлар катталды. Аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнөн улам талаада мал жайып жүргөн 7-класстын окуучусу дагы чагылган уруп каза болду.
“Кара, рулда кол жок”. Сеулда айдоочусу жок автобус жүрө баштады
"Бир күнү Сеулдагы автобустардын баары ушундай айдоочусу жок болуп калат", — дейт SUM (Smart YoUr Mobility) бөлүм башчысы Пак Кан Вук. Анын компаниясы акыркы төрт жылды айдоочусу жок жүргөн түнкү автобусту иштеп чыгууга жумшады. Бийликтердин айтымында, бул дүйнөдө биринчи мисал болуп калмакчы.
"Өзгөргөн стратегия". Дэвид Кэмерондун Борбор Азияга сапары
Украинадагы согуштан айынан Батыш менен Москванын санкциялык эрегиши курчуп турган убакта, Улуу Британиянын тышкы иштер министри лорд Дэвид Кэмерондун Борбор Азияга сапары башталды. Лондон бул региондун Россияга санкциялык режимди айланып өткөн плацдарм болушун каалабайт жана аны менен экономикалык-гуманитардык кызматташтыкты тыгыз кылууга умтулат.
Окко айдалган орус аскери: 50 000 жоокердин өлүмү тастыкталды
Согуштун экинчи жылында согуш талаасында өлгөндөрдүн саны биринчи жылга салыштырмалуу дээрлик 25% га жогору болду.
Редактордун тандоосу
2024: Дүйнөгө таасир эте турган шайлоолор
2024-жыл шайлоолорго бай жыл болот. Трамп, Путин, Байден баш болгон дүйнөлүк саясатчылар шайлоого аттанып, электен өтө турган жыл. Анткени дүйнөдөгү ири жана кубаттуу өлкөлөрдө шайлоолор өтөт. Тагыраак айтканда, шайлоолор өткөрүлчү 80ге жакын өлкөдө дүйнөдөгү калктын жарымынан көбү жашайт.
Дүйнөлүк сооданы солк эттирчү Кызыл деңиз
“Кызыл деңиздеги соңку жагдай дүйнөлүк сооданы солк эттирет” деп Байден баштаган бир катар дүйнөлүк лидерлер билдирүү жасады. Бул чындап эле ошондой.
Мээдеги чип: Илон Маск оюндагысын орундаттыбы?
Миллиардер Илон Маск анын Neuralink компаниясы биринчи жолу адамдын мээсине чипти ийгиликтүү киргизгенин жазып чыкты. Имплантацияланган аппараттын алгачкы натыйжалары перспективдүү экендигин: нерв импульстарын жакшы аныктарын көрсөттү.
Би-Би-Синин 100 Айым долбоору 2023: быйыл тизмеге кимдер кирди?
Би-Би-Си 2023-жылдагы дүйнөнүн эң таасирдүү жана шыктандырган 100 айымынын тизмесин жарыялады.
Ракка каршы күрөшкөн айым: эмчек өзүмдүкүндөй болуп калды десе, төбөм көккө жетти
Биз, сизге “ракты жеңдим”,- деген ишмер аялдын окуясын толугу менен баяндап беребиз. Сыртынан караган киши рак илдетине кабылган, анын запкысын тарткан деп оюна да келбейт. Абдан шайдоот, улам бир ишке, улам бир чакырууга ашыккан эле ишмер. Ал жетимиш жаштагы Шайыр Сагынбаева. Өзүнүн уул-кыздарынан башка эле ондогон адамдар бул айымга “Шайыр апам” деп кайрылат экен.
АКШ менен Кытай аскердик кызматташуусун жандандырууну макулдашты
Шаршемби күнү Калифорнияда Кытайдын төрагасы Си Цзинпин менен чанда өтчү жолугушуудан кийин Жо Байден: "Биз түз, ачык, так мамилелерге кайтып келдик" деди.
Израил-Газа согушу: сандар жана фактылар
Израилдеги бир айдан бери болуп жаткан согуштун сандык эсептерин карап көрөлү.
Кыздар өлүмүнүн кайгысы израилдик жана палестиналык аталарды бириктирди
Палестиналык мусулман Бассам Арамин менен израилдик жөөт Рами Элханан экөө тең өз аймагында болгон зордук-зомбулукта кыздарынан айрылышты. Бирок алар өч алуунун ордуна, тынчтыкты, ынтымакты бекемдеген достук жолун тандашты.
Кыргызстан
Би-Би-Си ТВ жаңылыктары
Би-Би-Си Кыргыз кызматынын эл аралык жаңылыктарын көрүңүз.