WhatsApp’ты бузуп кирүүдөн кантип коргосо болот жана болбой эле аккаунтту бузуп киришсе эмне кылуу зарыл. Коопсуздук боюнча кеңештер

Быйыл декабрда жана былтыр январда окурмандарыбыз Factcheck.kg редакциясына чалып, WhatsApp мессенжериндеги аккаунттарына бузуп кирүү аракеттери болгонун, айрым учурда ага ээ болбой калгандарын билдиришкен.

Редакциянын журналисттери кеңеш сурап санариптик коопсуздук боюнча адистерге, киберкоопсуздук боюнча атайын сайттарга кайрылып, WhatsApp тиркемесин иштеп чыккан Meta компаниясынын кеңештери менен таанышып чыгышты.

Толугу менен

Кантип видеожыйындарды уюштуруп турса болот – 2

Мурдагы постто батыш өлкөлөрүнүн видеожыйындарды өткөрүү онлайн кызматтары тууралуу сөз кылган элек. Бул жолкусунда Орусия Федерациясынын компаниялары сунуштаган кызматтар тууралуу сөз болот. Алардын кызматтары мүмкүнчүлүктөрү жагынан кем калышпайт. Эң негизгиси – алар дээрлик бардыгыбыз жакшы билген орус тилинде, а демек аны колдонууда маселе жаралбашы керек.

Толугу менен

Кантип видеожыйындарды уюштуруп турса болот – 1

КОВИД-19дан кийинки заманда алыстан иштөө кадыресе көрүнүшкө айланды. Бирок ишке байланыштуу маселе боюнча жамаат менен же жекеме-жеке бирөө менен жолугушуп, талкуу уюштуруу зарылдыгы уламдан улам чыгып турат. Болгондо да кайсы бир документти же материалды чогуу көрүп, талкуулоо мүмкүнчүлүгү бар болсо.

Төмөндө сунуштаган программалар ушундай мүмкүчүлүктөр каралган.

Толугу менен

Сүрөттөн ашык нерселерди алып салуу жолдору

Айрым учурда сүрөттөн ашык нерселерди алып салуу зарылчылыгы пайда болот. Жасалма интеллекттин (ЖИ) өнүгүүсү бул ишти жеңил эле бүтүргөнгө мүмкүнчүлүк берди.

Эки онлайн кызматты сунуштайм. Экөө тең бирдей иштейт. Оңдоо керек болгон сүрөттү жүктөп, андан алынып салына турган нерсени белгилеп коёсуңар. Калганын ЖИ өзү жасап коёт. Биринчи жолу тазалаганда толук тазаланбай калса, аны дагы бир жолу белгилеп коюп, дагы бир жолу тазалагыла.

Hama

Cleanup

Бул пост телеграмдагы “ЖОЛ” каналынан алынды.

Акысыз видеоредакторлор

Айрым учурда эс алууданбы, же кайсы бир иш-чараданбы тартылган видеолордун негизинде кыска видео клипти жасоо зарылчылыгы пайда болуп калат.

Акысыз, колдонууда жеңил видеоредакторлордун тизмегин сунуштайм.

толугу менен

Google издөө кызматында керектүү маалыматты тез таап алуунун жолдору

Адистердин айтымында, дүйнө жүзүндөгү издөөлөрдүн 90%дан ашыгы Google издөө кызматына туура келет.

Бирок айрым учурда бизди кызыктырган маалыматты табуу көп убакытты талап кылат, кээде табалбай убара болобуз.

Караса, керектүү маалыматты тез таап алуунун бир канча жолдору бар экен. Алардын айрымдарын менен тааныштырам.

Толугу менен

Ишенимдүү сырсөздү жасоонун 2 жолу

Интернет коопсуздугу боюнча адистер ишенимдүү сыр-сөздү түзүү боюнча төмөнкүдөй кеңештерин беришет:

1. Сыр сөздүн узундугу 12 белгиден кем болбошу зарыл (мурда 8 белгиден кем болбошу керек дешчү);

2. Сыр сөздү түзүп жатканда баш жана кичи тамгаларды, сандарды, боштуктарды жана атайын белгилерди колдонуу керек.

Мисалы, oNQZnz$Hx2.

3. Башка адамдар жеңил эле билип ала турган жеке маалыматтар сыр сөздө колдонулбашы керек. Мисалы, аты-жөнүңөр, же туулган жылыңардын даталары.

Толугу менен

Кооз резюмени кантип жасап алса болот?

Жумушка орношуп, же кайсы бир сынакка катышып жатканда сөзсүз резюмени сурашат. Биз мындайда адатынча Word документке өзүбүз тууралуу айрым маалыматтарды жаза коёбуз. Анын кооздугуна, андагы маалыматтардын толук эместигине көңүл бурбайбыз.

Бул туура эмес. Резюме – бул адистин күзгүсү. Ага карап анын ээси тууралуу биринчи көз караш калыптанат. Ошондуктан кооз, так жана толук резюмени түзүүгө чоң көңүл буруу керек.

Биз бардык нерсени интернеттен издеп калдык. Резюмени түзүү жолдорун да интернеттен издей турганыбыз айдан ачык. Бирок, тилекке каршы, интернетте резюмени акысыз түзүүгө жардам берген кызматтардын көбү акы сурашат.

Мен да жакшы резюмени жасоонун жолдорун издеп интернетти түрө кыдырып, сунушталган кызматтарды өзүм колдонуп көрүп, төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү сунуштап жатам.

Толугу менен

Агробизнести ачуу боюнча фермерлер үчүн маалымат (инфографика)

agro

Кыргыз Республикасынын Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институту тарабынан Агробизнести ачуу боюнча фермерлер үчүн маалыматтык баракча даярдалыптыр.

Жер менен алектенгендерге көп пайдалуу маалыматтар бар экен. Аны бул жерден жүктөп алсаңар болот.

Кантип кулактын угуусун жакшыртса болот? Элдик дарылоо ыкмалары

kulak

(Бул рецепттерди колдонуудан мурда дарыгерден кеңеш сураңыз)

1. Бир тиш сарымсактын тазалап, аны жакшылап эзип, ага эки тамчы камфора майын кошу керек. Алынган аралашманы бинтке салып, кулакка баткандай кылып өрүп орогула. Кулакка салып катуу ачышканча күтүп, андан соң алып салгыла. Муну күн сайын уктаарга 15-20 мүнөт калганда кайталап туруңуз.

Окууну улантуу