XIX- кылымдарда кыргыздардын уруу аралык чыр-чатактарынын гана деңгээлинде калбастан өз элинин келечек тагдырына кам көргөн чыгаан кыргыз башчылары тарыхыбызда таасирдүү из калтырышкан.
Алардын бири улуу инсан Боромбай Бемурат уулу XIX к. 40-50-жж. кыргыз элинин коомдук-саясий турмушунда көрүнүктүү роль ойногон. Калк кадырына ээ болгон Боромбай бий деген атакка жеткен. Ал XIX к. 20-жж. баштап көркөмү көз талдырган кыргыз бермети Ысык-Көлдү жердеген бугу уруу бирикмесин бийлеген.
Теги Тагай бийдин урпагы Боромбай Бекмурат уулу болжолу 1789\90-жж. туулуп, 1858-жылга чейин жашаган. Анын атасы Бекмурат бий уруулаштары менен XVIII к. биринчи жарымында калмак чапкынынын натыйжасында Фергана чөлкөмүнө сүрүлүп, болжолу байыркы Ата-Журту Ысык-Көлгө 1774-жылдары кайтып келишкен. Okumaya devam et